Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 13.11.2018 11:24

Айыл турмушу: Бейтаптардын кулагынан курт-кумурскаларды алып чыккан медайым С.Досалиева (сүрөт)

Turmush -  53 жаштагы Салима Досалиева 14 жылдан бери Нарын шаарындагы облустук бириктирилген оорукананын үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүндөгү отоларингологиялык бөлүмүндө эмгектенип келет. Ал буга чейин неврологияда иштеген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1991-жылы Нарын шаарындагы медициналык колледжинин жалпы бөлүмүн аяктап, ушул эле жылы райондук жандандыруу бөлүмүндө 1 жыл медайым болуп иштеп, атайын которуу менен 7 жыл неврология бөлүмүндө эмгектендим. 2004-жылдан бери облустук бириктирилген оорукананын үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүндө кулак, мурун жана ашказан көрөм», - деди ал.

Салима Досалиева жумуш учурундагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Кичинекей кезимден бери дарыгер болууну кыялданып, учурда сүйгөн кесибим менен иштейм. Жумушум абдан кызыктуу. Ар кандай бейтаптар келет. 14 жылдык иш тажрыйбамда кулагынан тирүү чоң жөргөмүш, курт-кумурскалар чыккан адамдар келишти. Мындан тышкары кичинекей балдардын мурунунан, кулактарынан таш, шуруларды алып чыккан күндөр болгон.

Келген бейтаптардын кээ бири оорусуна чыдабай "дарылабай эле ары-бери басып жүрөсүң" деп, мени менен урушкан күндөр да кездешкен. Бизге көбүнчө жаңы төрөлгөн балдардын кулагы ириңдеп кайрылгандар көп. Ал сасык тумоосу күчөп кеткенде жана кулакка суук тийгендин кесепетинен пайда болот. Окурмандарга кеңешим, "айыгат да" деп жүрө бербестен, өз убагында дарыланып жана суук тийүүнүн алдын алуу керек. Айдоочулар унаасынын эшигинин айнегин ачып алып, айдагандан улам суук тийүүлөр көп кездешет. Ошондой эле жаз мезгилинде аллергия оруусу күч алат», - деди ал.

Медайым мындан сырткары оорукананын атынан ыр кеселерге катышып, облустук, шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмдөрүнүн ардак грамоталары менен сыйланып, 2012-жылы КРдин «Ардактуу айымы» төш белгисин тагынган.

Анын 1 уулу жана 1 кызы бар. Балдарын жогорку окуу жайдан окутуп, уулу БАУда эмгектенсе, кызы турмуш жолунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×