Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.11.2018 11:23 Жаңыланды: 15.11.2018 12:20

PR: Региондорду өнүктүрүү. Ак-Талаадагы алдыңкы тажрыйба — аймактарды көтөрүүнүн жолу (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында 1986-1992-жылдары айылды көркөм шаарга айлантуу боюнча жасалган иштер учурдагы аймактарды өнүктүрүү чакырыгына өбөлгө боло алат. Анткени, 1980-жылдардын акырына чейин Баетов айылынын көрүнүшү чаң баскан, иретсиз көчөлөр жана жайма арыктар, айылдагы үйлөрдүн дээрлик көпчүлүгү боз жалпак тамдар болсо, соода түйүндөрү, маданий мекемелер деле архитектуралык талапка жооп берген эмес.

30 жыл мурунку көрүнүш

Кийин ошол кездеги район жетекчиси Дөөлөтбек Берикбаевдин жеке демилгесинин аркасында мекеме-уюмдардын, айыл элинин жапырт көтөрүлүп ынтымакта иштөөсүнүн натыйжасында чаң баскан айыл көз жоосун алган шаарга айланган. Айылдагы көчөлөр атайын унаалар менен жуулса, айыл ичинде маршруттук автобус жүргүзүлүп, жаштар үчүн шаардагыдай бассейндер курулуп, райондук телекөрсөтүү ачылып, Баетов айылы аз убакыттын ичинде болуп көрбөгөндөй өзгөргөн. Эгер ошол кездеги Баетов айылындагы өнүгүүнүн анык тажрыйбасын учурдагы региондорду өнүктүрүү чакырыгынын алкагында колдоно алсак, айылдарыбызды, шаарларыбызды аз убакытта заманбап айылга жана шаарга айлантууга толук негиз бар.

Бул демилге кантип жана кандайча ишке ашырылганы тууралуу видеотасмадан жана сүрөттөрдөн кененирээк таанышасыздар:


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×