Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 13.11.2018 12:22 На русском

Сүрөт: Кочкордогу жол кырсыктан 3 адам жабыркады

Turmush -  Нарын—Балыкчы унаа жолунун 25-чакырымында, тактап айтканда Кочкор районунун аймагындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркады. Окуя кечээ, 12-ноябрда саат 08:55 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыктан жабыркаган 3 эркек адамга куткаруучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кийинчерээк Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн жол кырсык Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында катталып, 2 адам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын билдиришти.

Кочкор РИИБдин тергөөчүсүнүн билдирүүсү боюнча, 12-ноябрь күнү саат 09:00дө Кочкор райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн фельдшеринен Орто-Токой суу сактагычынын аймагында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кочкор РИИБдин ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа Тоң районунан Жумгалга бара жатып, башкаруусун жоготуп, 5 метр жерден кулап кеткен. Унааны Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.И. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу А.И. жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө, ал эми жүргүнчүлөр — Тоң районунун Миң-Булак айылынын 1998-жылы туулган тургуну М.у О. менен Москва районунун Садовое айылынын 1980-жылы туулган тургуну С.Д. кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда аталган жол кырсык Кочкор РИИБ тарабынан териштирилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×