Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.11.2018 23:25

Айыл турмушу: 37 жашында баатыр эне болгон Махабат Баялиева 8 баланы тарбиялап жатат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Махабат Байалиева 37 жашында баатыр эне болгон. Ал учурда жолдошу менен 8 баланы тарбиялап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жубайлардын тун кызы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жатса, эң кенжеси Аруузат 1,5 жашта.

«Жолдошум экөөбүз 1999-жылы баш кошконбуз. Улуу кызыбыз 2001-жылы жарык дүйнөгө келген. Турмуштун шары менен бат эле 2 уул, 2 кыздуу болдук. Төрт балабызды эч нерседен кем кылбай багып алсак деп тиледик. Бизге жараткан дагы 4 баланы насип этиптир. Кайын энем 10 бала төрөптүр. Мен көп балалуу, баатыр эне болом деп ойлогон эмесмин. Жараткандын буйругуна каршы чыга албайт экенбиз. Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт тура. Акыл насаат айтып, балдарыбызга жакшы тарбия берүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Жараткандан ар бир ата-эне балдарына жакшылыктарды гана сурайт эмеспи. Биз дагы жакшы нерселерди сурайбыз. Балдардын шык жөндөмүнө карап, багыт берүү керек», - дейт Махабат Байалиева.

Жубайлар жайкысын жайлоого чыгып, элдин малын багышат. Жайлоого чыкканга балдары да көнүп калышкан.

«37 жашымда "Баатыр эне" наамын алдым. Балдарга чектелген акча жана майда жандыктар менен күн көрүп келебиз. "Баатыр эне" наамы үчүн акча мен пенсия алганда гана кошулат экен. Бирок ушул ырыскыбызга да шүгүр кылып, аракеттенип жашайбыз. Балдарыбыздын жакшы ой-тилектери бар, жолдошум экөөбүз алардын максаттарына жетүүсүн тилеп келебиз. Бала тарбиялоо оңой нерсе эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×