Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 12.11.2018 16:02 На русском

Нарын шаарында БАУнун студенти каза болду

Turmush -  Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин студенти каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган университеттин коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Акылбек Чымырбаев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 5-ноябрында 2-курста окуган Т.Т. аттуу студент жатаканада каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына караганда, Т.Т. табигый себептерден улам көз жумган.
Аталган студент Борбордук Азия университетинин Нарын шаарындагы кампусунда экономика адистиги боюнча билим алып жаткан. Буга чейин ал Тажикстандын Хорог шаарындагы кампусунда окуган.

Акылбек Чымырбаев каза болгон студент Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан болорун жана соттук-медициналык экспертизанын толук жыйынтыгы бир нече күндөн кийин чыгарын кошумчалады.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-3rfV4Uosh8gsxBf

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×