Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.11.2018 13:11 На русском

Айыл турмушу: Карышкыр азуусун саларда иттер сактап калган мергенчи Байжандын аңчылыктагы окуялары (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын тургуну Жаныш уулу Байжан 14 жылдын ичинде 13 карышкырды жок кылган. Ал бул кызматы үчүн акчалай сыйлыктарга да ээ болгон. Аймактык кабарчы малдарга зыян келтирген жырткычтарга мергенчилик кылган Жаныш уулу Байжан менен таанышты.

«2004-жылдан бери жалпы 13 карышкыр, 2 бөлтүрүк аттым. Негизи биздин аймакта малчылар ушул карышкырлардан көп жабыр тартып келишет. Бир күндө бир топ мал-жандыгынан айрылып, зыянга учураган учурлар кездешет. Ушундан улам 2004-жылы карышкырларга мергенчилик кылууну чечкем. Алгач жеке мергенчи деген документ менен бирге сайсыз мылтык алдым. Аны менен 5 жыл бою мергенчилик кылып, тажрыйбам топтолгон соӊ "Тигр" деген чоӊ мылтыкка ээ болдум.

2016-жылы экс-президент А.Атамбаевдин буйругу менен карышкыр аткандарга мамлекеттен 500 миӊ сом бөлүнгөн. Бир карышкырды атканга 6000 сомдон болчу. Бирок мага банк аркылуу 4800 сомдон берилген. Калган акчаны документке, салыкка деп кармап калат экен. Ошондо алты карышкырдыкын алгам. Дагы 2 карышкырдын документи туура эмес болуп, берилбей калган. Зыяндуу жырткычтарды жок кылганым үчүн айыл өкмөттөн ардак баракча менен сыйлангам», - деди ал.

Жаныш уулу Байжан мергенчиликтеги кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Кызыктуу окуялар болот. Ошол эле маалда коркунучтуу көрүнүштөр да кездешет. Бир жолу 5 карышкырдын артынан түштүм. Тосотко отуруп, балдарга телефон чалып, беш карышкырды айдаттым. Алар качып бара жатып, төртөө көздөн кайым болуп кетишти. Бирөө мен тарапты көздөй келе жатты. Аны 300 метрдей алыста, зоо жана арчалуу тик беттен аттым. Ал карышкыр зоодон учуп барып кулады. Ылдыйды көздөй түшүп барсам, арчанын арасында чала жан болуп жатыптыр. Мылтык жонумда асылуу болчу. Ал кыӊшылап жатып эле, бейкапар жерден мага атырылды. Экөөбүздүн ортобуздагы аралыгыбыз 5 метрдей болчу. Селт этип чочуп кеттим. Мылтыкты жонумдан кайрып алгыча, ал мага жакындап келди. Мына-мына азуусун салат деп жатканда иттер аны баса калып, туш тарабынан талап жиберишти. Артына кайрылып чолоңдоп жүгүргөндө дагы бир жолу мылтык менен атып калдым. Ал зоодон 300 метр дагы төмөн көздөй кулады. Сүрөттөн көрсөӊүз болот. Бул карышкырдын ичинде 4 күчүк бар экен. Аны сойгондо билдик.

Дагы бир жолу терисинин узундугу 2 метр 10 см болгон карышкыр атып алганбыз. Бул карышкыр менин мергенчилик жашоомдо эӊ чоӊ карышкыр болуп калды. Ал 4 өрөөндүн малына зыян келтирип жүргөн», - деди ал.

Жаныш уулу Байжан Ак-Муз айылында 1980-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлөлүүмүн, келинчегим экөөбүз 1 кыз, 3 уулду тарбиялап өстүрүп келе жатабыз. Үйдүн кичүү уулу болгонума байланыштуу мал багып, дыйканчылык менен алектенип келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×