Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 12.11.2018 11:40 На русском

Сүрөт — Бишкек—Торугарт жолунда жеңил унаа оодарылып, кыздар ооруканага түштү

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынан кийин 5 киши ооруканага жеткирилди. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Маалым болгондой, аталган жол кырсык 10-ноябрда болжол менен саат 15:00дө Саргоо аймагында болуп, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Аны кесепетинен унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Жабырлануучулар:

- Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.Н., баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, чекесинин сөөгү сынган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

- Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Т.А., баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, көкүрөк тушунан жаракат алган, сан сөөгү сынган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

- Ат-Башы айылынын тургуну Б.Э., баш сөөгүнөн жаракат алган, денесинен жаракат алган;

- Ат-Башы айылынын 2007-жылы туулган тургуну М.А., баш сөөгүнөн жаракат алган;

- Ат-Башы айылынын 2006-жылы туулган тургуну М. кызы А., баш сөөгүнөн жаракат алган.

Азыркы тапта бул жол кырсык боюнча текшерүү иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынан тастыкташкандай, 2018-жылдын 10-ноябрь күнү саат 15:20да Бишкек—Торугарт жолунун 387-чакырымында «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын 1997-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай калган. Жеңил унаа жолдон чыгып, ала салып кеткен. Анын кесепетинен жүргүнчүлөр – 1998-жылы туулган Э.Б., 2006-жылы туулган А. кызы М. Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 1992-жылы туулган Н.М., 1996-жылы туулган А.Т. кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Айдоочу жабыр тарткан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×