Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.11.2018 08:19 Жаңыланды: 12.11.2018 14:32 На русском

Жеңеке: Майрам Жумаева кыз куумайда жигиттерге бир да жолу бетин өптүргөн эмес (сүрөт)

Turmush -  Атты жанындай жакшы көргөн Майрам Жумаева кыз кезинен тарта кыз куумай оюнуна түшүп, бир дагы жигит ага жеткен эмес. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрам жеңе 1982-жылы Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында төрөлгөн. Анын ата-энеси малчы болгондуктан мал-жандыкка, өзгөчө атка жакын өскөн. Кыз кезинен кыз куумай оюндарына калбай катышып келгенин кошумчалады. Ал эми турмушка чыккандан кийин кыз куумайга мурдагыдай көп катышпай калган.

Ал жакында кыз куумайга кайрадан түшүп, биринчи айлампасында жигитке бетин өптүргөн жок. Ал эми экинчисинде жигитке жетип, анын далысына камчы менен урган Майрам Жумаева 1000 сом сыйлык алды. Ал аттан канча жолу жыгылса деле жалкыбай турганын жана ат минүүнүн эрежелерин айтып берди.

«Көбүнчө мал багып Ак-Сай өрөөнүнө чыгып жүрдүк. Атка аябай эле чукулмун. Атам менен апам малчы болчу. Ошол учурда арпа нан жеп калдык. Үйдөн тыңыраагы мен болчумун, бардык малдарга жакынмын. Мага арык, жоруган, жүдөгөн аттарды минген жакпайт. Жолдошум дагы атты жакшы минет, жүдөгөн ат болсо дагы ал ат тың болуп чыгат. Жылкы баласын аябай жакшы көрөм.

Турмушка чыкканыма быйыл 17 жыл болуптур. Жолдошум мени аяп, кыз куумайга түшүргөн эмес. Бул жылы Ат-Башыдагы түшүм майрамындагы кыз куумайга түшүп, черим жазылып калды. Атты ары-бери чаап алдым, көзүңдөн жаш чыккычакты чуркаган ат экен. Ат жалы колдосун деп кыз куумайга түштүм. Мен үчүн кыз куумай кумар болуп калгандай. Ат чабуу — хобби. Мөөрөйгө жетүү үчүн жан үрөйм.

Аттан көп эле куладым, бирок жалкыбайм», - деди Майрам жеңе.

Майрам Жумаева учурда кыргыздын айрым ат оюндары унутта калып бара жатканына кейийт.

«Кыз куумай, деги эле ат оюндары унутулуп бара жатат. Жок дегенде элдин көңүлүн көтөрүп, көп уюштурулса жакшы болмок. Мурда келин эңиш, мүшөк чабыш деген да оюн бар эле, азыр аны эстеген адам жок», - деп кошумчалады.

Ошондой эле Майрам жеңе ат чабуунун эрежесин да жакшы билет.

«Атка мингенде бүкүрөйбөй, түз отуруу зарыл. Ат чапканда аны өпкөгө тепкилей бербеш керек, себеби ат демигет. Үзөңгүнү кыска тарттырып, андан кийин миниш керек. Тизгинди жыя кармап, сөзсүз оң колуңдан камчыны түшүрбөш керек. Мен ушул эрежелерди сактайм. Аялдар мен айткандай минсе туура болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×