Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 10.11.2018 12:04 На русском

Айыл турмушу: 5 жылдан бери көрктөндүрүү адиси болуп эмгектенген Жолдубай Дондошовдун иш үстүндөгү кыйынчылыктары (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 53 жаштагы тургуну Жолдубай Дондошов «Таза-Нарын» ишканасында 5 жылдан бери көрктөндүрүү адиси болуп эмгектенип келет. Ал 20 жүк жүктөөчү, 8 көчө тазалоочуну жана Нарын шаарындагы 225тен ашык объектини көзөмөлдөйт. Ал бул иш кайталанма жана тажатма, ошону менен бирге кызыктуу экенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, жогорку билимге ээ болуп, буга чейин менчик ишканаларда иштеген. «1988-жылы Нарын шаарындагы Агрардык айыл чарба техникумун аяктагам. Окуумду бүтөрүм менен менчик ишканаларда иштеп жүрдүм. Ал жакта эмгек китепчеси ачылбагандыктан, «Таза-Нарын» ишканасында 5 жылдан бери көрктөндүрүү адиси болуп эмгектенүүдөмүн. Учурда 20 жүк ташуучуну, 8 көчө тазалоочуну жана шаар ичиндеги 225тен ашык объектилерди көзөмөлдөйм. Иш убактысы саат 8:30дан баштап, 18:00гө чейин. Бирок жумуш бүтпөй калганда иштей беребиз.

Шаар ичине күн сайын эртең менен 7 кичи автобус, 2 жүк ташуучу унаа чыгып, кечке чейин тазалыкты көзөмөлгө алышат. Ал эми эс алуу күндөрү 3 кичи автобус чыгып, борбордук көчөнү тазалайбыз. Биздин жумуш абдан оор жана эмгегибизди көп эл баалай бербейт. Жергиликтүү тургундардан «таштанды салуучу челектерди менин үйүмдүн жанынан алгыла» деген арыздар дагы түшүп турат. Аларды башка жакка коёюн десең, башкасы арызданат. Кээ бирлери үйүнүн жанындагы таштандыларды тазалабастан, «силер милдеттүүсүңөр» деп, бизди урушкан күндөр болот. Айрымдары, кабат үйдө жашагандар балкондон таштандыларды ыргытып, өзүнүн айланасын жыйнабагандар көп кездешет. Көчөдөн адамдар таштандыларды ар кайсы жерге ыргытканын көргөндө ичим ачышат. Аларды кадимкидей урушам, кээде алдайм. Ошентип, окшош күндөр өтөт.

Шаар ичиндеги жарыктандырууну да биз коёбуз. Жакында эле РТС аймагындагы көчөлөрдүн боюна жарык берүүчү шам чырактарды коюп чыктык. Аларды орнотууда дагы кызыктуу күндөргө кабылганбыз. Эртеден кечке жумушта болуп, жумуштан кийинки убакытта да шам чырактарды орнотууга туура келген. Ошол учурда бизге кээ бир шаар тургундары келип, «силер жинди болуп калгансыңарбы, кечинде ким иштесин?», деп айткан күндөр болгон», - деп айтып берди ал.

Жолдубай Дондошов жубайы Гүлкайыр Касымбекова менен бирге түтүн булатып, жашап жатканына 30 жылдын жүзү болду. Алардын 4 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×