Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.11.2018 21:30

Баетовго 90 жыл: Эски мунара саат оңдолуп, тарых инсандарынын инсталляциясы пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата борбордук Дөрбөлжүн аянтчасындагы мунара саат жана тарых инсандарынын инсталляциясынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир катар депутаттар, облус башчысы Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Айылдын 90 жылдыгын белгилөө үчүн буга чейин элдик марафон уюштурулуп, андан түшкөн каражатка 2 млн сомго чукул акчага Хан Шырдакбектин, Тайлак баатырдын, Муса Баетовдун жана Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов) инсталляциялары тургузулса, көп жылдардан бери кароосуз турган мунара саат оңдолуп, саат орнотулду. Ошондой эле бул кичинекей аянтчага толугу менен таштаман төшөлүп, отургучтар коюлуп жана гүл өстүрүүчү жайынын пайдубалдарына кыргыз элинин көчмөн жашоосу чагылдырылган сүрөттөрдүн элестери түшүрүлүп, өзгөчө шөкөттөө менен жасалгаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×