Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.11.2018 16:36 На русском

Нарында тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү митинги өттү (видео, сүрөт)

Turmush -  7-ноябрда Нарын шаарынын коомчулугу катышкан эскерүү митинги өтүп, анда алар тарыхты жана ата-бабаларды эскеришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач иш-чарада Тайлак баатырдын эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулду. Андан соң кыргыздын туңгуч революционери Таабалды Жукеевдин (Пудовкин) эстелигинин жанында эскерүү митинги өттү. Митингди Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ачып, өткөндөгү тарыхка токтолуп, ата-бабалардын эмгегине жогору баасын берди. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Касен Асизов катышуучуларды патриоттуулукка үндөгөн чакырыктарды таштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×