Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.11.2018 16:05 На русском

Ак-Жарга 100 жыл: Элдик марафондо 500 000 сом чогулду (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 100 жылдык мааракесине карата элдик марафон уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарада Ак-Жар айылынын тарыхый инсандары эскерилип, айылдагы аткарылган жана аткарыла турган иштер айтылды. Марафонго жеке ишкерлер, айыл тургундары катышып, анда чогулган акчанын суммасы 500 миң сомго жеткен. Ак-Жар айыл аймагынын башчысы Максат Кадыркуловдун айтымында, чогулган акча айыл ичиндеги керектүү иштерге жумшалат. Мындан улам айыл жетекчилери элдерден сунуштарды кабыл алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×