Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.11.2018 15:36 На русском

Видео, сүрөт — Памирлик балдар Нарын шаарынын гимнин жаттап, элдик ырларды аткарышууда

Turmush -  Нарын шаарында жашап жатышкан памирлик кыргыздардын балдары ырларды жаттап, ырдашууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга памирлик кыргыз Абубакир уулу Фазилкак билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын балдары мектептен ар кандай ырларды үйрөнүшүүдө.

«Нарындын РТС аймагында жашайм. Памирлик кыргыздар бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө конокко барып, катышып турабыз. Жакынкы күндөрдө эле Памирден келгендерди конокко чакырдым. Алардын балдары дагы келишкен. Мектептен жаттаган ырларын унутуп калбоосу үчүн баарын ырдатып, видеого тартып алдым. Видеого ырдап берген балдар — Нажибулла, Кайрылниса, Парвина, Апизилла, Асып жана Мусадык», - деди Абубакир уулу Фазилкак.

«Комузчу» ырын аткарышууда

Нарын шаарынын гимнин аткарышууда

Ак терек, көк терек оюнун ойноп жатышат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×