Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.11.2018 14:39 Жаңыланды: 10.11.2018 10:10

«Жеңеке»: Кайын атасы менен кайын энесине үйүнүн эшигин ачпай, айласын кетирген Э.Жумабаеванын окуялары (сүрөт)  

Turmush -  Ат-Башы районунун Калинин айылынын 32 жаштагы тургуну Эркайым Жумабаева өзү аяктаган мектепте иштеп, мурунку агай-эжейлери менен кесиптеш болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«2008-жылы туулуп өскөн жерим Терек-Суу айылындагы Анварбек Чортеков атындагы орто мектебинде эмгек жолумду баштап, ал ортодо жолдошум экөөбүз баш коштук. Анда мен өзүм окуган мектебимде иштеп, мени окуткан агай-эжейлер менен кесиптеш болуп, жалбырттап иштеп жүргөн кез. Ошондой күндөрдүн биринде кесиптешим жана агайым Бекболот Айтымбетов бир жигит экөөбүздү тааныштырды. Айылыбыз чакан болгондуктан элдин көзүндө, оозунда болдук көрүнөт. Кудайым насип кылган экен, 1 айга жетпей баш коштук.

Жолдошум Тилекматов Иличбек Мирбекович, билими жогорку. 2008-2015-жылдары Ак-Талаа айыл өкмөтүндө аскердик каттоо столунун кызматкери, юрист жана башка жооптуу кызматтарда иштеп келген. Учурда убактылуу бош, дыйканчылык менен алектенип жатат», - деди ал.

Эркайым жеңе келиндик доордогу кызыктуу окуяларын да кеп салды.

«Турмушка чыккандан кийин кызыктуу окуялар көп болгон. Биз 10 жылдан бери кайын атам, кайын энем менен бирге жашап келебиз. Бир күнү кайын атам жана кайын энем кечке жуук конокко кетишти. Жолдошум Илич да эшикке чыгып кетти. Аны кирип-чыгып карайм, дайынын эмнеге айтпайт деп сарсанаа болдум. Анан кеч болуп бара жатканынан эшикти илип алып, ачпай бир топ убара кылайын деп ойлодум. Ошентип илип алып отурсам, эшик такылдады. Мен укмаксан болуп, акырын басып бөлмөбүзгө кирип ачпай койдум. Бир маалды эшик катуу такылдап баштады. Акырын каалганын жанына барып, эшикти ачып, артты көздөй баса бергенде кайын атам менен кайын энем кирип келишти. Кирээрге тешик таппай уялганымды айтпай эле коеюн. Көрсө кечирээк келет деген кайын атам менен кайын энем келип калышыптыр.

2011-жылы жайында чөп тарткан мезгил эле. Биздин жүк ташуучу унаа менен кайын атам, жолдошум жана мен болуп акыркы чөптөрдү тартууга талаага жөнөп калдык. Мен бала кезден малчынын үй-бүлөсүндө, талаа жумуштары менен алектенип чоңойгонго чөп тартууга жардам берчүмүн. Ошентип талаага жетип, мен унаадагы чөптү баса баштадым. Бир жагынан атам, экинчи жагынан жолдошум чөп ыргытып жатышты. Үлгүрбөй бышылдап-күшүлдөп, үстү-үстүнө ыргытылган чөптөрдү чубап, уялганымдан араң басып жаттым. Аңгыча бир атчан аксакал келип, менин аял киши экенимди билбесе керек, "оу, зыңкыйта басып жаткан экен бул жигит " деп айта салды эле, каткырып эле күлүп калдык. "Азаматсың кимдин баласысың " деп кайрылды эле, үн-сөз жок туруп калдым. Келинмин деп айта албайм. Жолдошум кыткылыктап бир топко күлдү. Мына ушундай кызык күндөр көп болгон.

Жолдошум экөөбүздүн ортобузда 1 уул жана 2 кызыбыз бар. Учурда төртүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Жолдошум балдарыбызга боорукер жана камкор ата. Келечекте максатыбыз – балдарыбызга татыктуу тарбия берип, мыкты инсандар болуп чыгышына түрткү болсок дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×