Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.11.2018 13:19

Нарын шаарында бир түк чөп 180 сомдон сатылууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында чөптүн бир түгү (боосу) 180 сомдон сатылууда.

Нарын шаарында жайгашкан чөп базарда чөп саткан сатуучулардын айтымында, чөптүн баасы 170 сомдон 180 сомго чейин болуп жатат.

«Чөпкө талап деле жок калды көрүнөт. Сатып алуучулар деле көп келбей калышты. Чөптүн баасын болсо 180 сом деп жатабыз. Бирок көп алам дегендер болсо дүңүнөн 170 сомдон берүүдөбүз. Азырынча Нарын районунун Куланак, Учкун жана Жан-Булак айылынан келип алышууда», - дешти сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×