Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.11.2018 13:02

Нарында жаштар арасында эстафеталык жарыш оюну уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  6-ноябрда жаштар жумалыгынын алкагында Нарын шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында жаштарды ынтымакка чакыруу, спортко тартуу жана ден соолукту чыңдоо максатында «Жаштар сергек жашоого умтулабыз» аттуу иш-чарасы өтүп, эстафеталык жарыш оюну уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул эстафеталык оюнга жалпы 5 команда – Нарын мамлекеттик университети, №87 кесиптик лицейи, орто мектептерден куралган команда, юридикалык колледжи, педагогикалык колледж, НАЭК жана «АКИпресс» командасы ат салышкан.

Эстафета Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, оюнда мүшөк кап менен секирүү, топту чекеси менен ташуу, теннистин шаригин кашык менен ташуу, топту тоскоолдуктан буттары менен алып өтүү, топту тизеси менен кысып секирип басуу, аркан тартышуу жарыштары болду. Жыйынтыгында 1-орунга НАЭК ээ болуп 3 миң сом, 2-орунга №87 кесиптик лицей ээ болуп 2 миң сом, 3-орунга М.Сыдыков атындагы орто мектеби ээ болуп 1 миң сом акчалай сыйлык, грамота жана өзгөчө жасалган медаль менен сыйланышты. Ал эми калган командалар 500-1000 сомдук сертификаттарга ээ болушту.

Эстафета Нарын мамлекеттик университеттин «Жаш лидерлер жана студенттер союзу» коомдук бирикмесинин алдындагы Культур кафе Нарын жамааты, Нарын шаардык балдар уландар спорт мектеби, жаштарды өнүктүрүү институту, менен биргелекте уюштурулган. Анын жыйынтыгында флешмоб өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×