Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.11.2018 12:01 На русском

Тирүү адамдын сүрөтүн мүрзөгө коюлуучу эстеликтин бетине түшүрүп алган сүрөтчү Т.Орозобаевдин өкүнүчү (сүрөт)

Turmush -  Адамдын портретин жана жаратылышты тартып, эстелик жасаган сүрөтчү Тазабек Орозобаев быйыл 54 жашта. Ал ушул мезгилге чейин бир дагы көрмөзмөлөргө катышпай калганына өкүнөт.

Тазабек Орозобаев 1964-жылы Ат-Башы районунун Калинин айылында төрөлгөн. Мектепти бүтүп, Бишкектеги С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайын бүтүргөн. Турмуш шартына байланыштуу Ташкенттеги окуусун аяктабай айылына келе берген. Андан бери үйдөн буйрутма алып, кардарлардын мактоосуна арзып келет.

«Мен окууну бүткөндөн бери эле үйдө иштеп келе жатам. Жашоо кыйын кезде төрөлүп калдым. Көр оокат деп жүрүп көргөзмөлөргө катышпай калганыма өкүнөм. Бала кезимен сүрөткө шыгым бар эле, сүрөтчү болгум келчү. Кыргызстандагы белгилүү сүрөтчүлөргө суктанчумун, журналдагы сүрөттөрдү туурап тартчумун, пластилинден да буюмдарды жасап жүрдүм.

Учурда үйдө буйрутма алып иштейм. Буга чейин 5 жыл Нарын медициналык колледжинде сүрөтчү-кооздогуч болуп иштедим. Буйрутма райондордон, айылдардан түшөт. Сүрөтчүлүк менен киреше тапса болот. Сүрөтчү болуу үчүн адамга талант, жөндөм керек болот. Ал жок болсо адам өзүн кыйнап иштей албайт. Көбүрөөк сүрөт тартып, боёк менен көбүрөөк иштөө керек. Антпесе бул өнөргө чоочун болуп каласың.

Адамдын портретин тартканда өзүн отургузуп тарткан туура. Себеби тиги кишинин мүнөзүн көрүп турасың. Ал эми сүрөт деген жансыз. Бирок ошентсе да сүрөттөн сезип тартканга аракет кылабыз. Баалары 3000 сомдон жогору кетет. Сүрөтчүлүк жеңил жумуш эмес. Бул кесиптен сырткары чакан ишкерлик менен алекпиз. Балдарымдын кичүүсү сүрөт тартат, улуу балам жыгач устачылык боюнча окуп жатат. Өз кесибиме өкүнбөйм, өкүнгөнүм – көргөзмөлөргө чыкпай, эмгегимди көрсөтө албай калганым», - деди ал.

Тазабек Орозобаев эсте калган окуясын айтып берди.

«Эстелик дагы жасачумун. Ал кезде балдар менен чогуу иштечүбүз. Бир күнү жанымда иштеген балдар буйрутма алышыптыр. 3 адам түшкөн сүрөт келди. Бирөө каза болгон бала, экөө досу экен. Ал сүрөттөн тирүүсүнүн сүрөтүн белгилеп коюптур. Мен болсо ошол белгиленген баланы эстеликтин бетине түшүрүп бердим. Көп өтпөй ал эстеликти кайра алып келишти. Мен сүрөткө тарткан бала келиптир, “байке мени тартып салыптырсыз” деди. "Буйрутманы балдар алган. Мен билбей эле тартып салыптырмын" деп түшүндүрдүм. Ошентип сүрөттү эстеликтин бетин кайра түшүрдүм», - деди ал.

Сүрөтчү үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×