Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.11.2018 09:01

Баетовго 90 жыл: Жаңы үйлөнгөн 9 жубайга үй куруу үчүн жер тилкелери берилди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата жаңы үйлөнгөн 9 жубайга турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 6-ноябрь күнү айылдын 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип, 9 жаш үй-бүлөгө турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин күбөлүктөрү тапшырылды. Бул 90 жылдык мааракенин урматына ылайык жасалган иш экендиги маалымдалды. Жаш жубайларга жер күбөлүктөрүн тапшыруу аземи маданият үйүндө өтүп, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Жаш жубайларга күбөлүктөрдү район акими Нурбек Молдокадыров, айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков жана айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу тапшырып, аларга куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×