Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.11.2018 14:55 На русском

Сүрөт: Нарында 1,2 млн сомго оңдолгон сейил бактагы инсталляция менен тосмону талкалап кетишти

Turmush -  Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинде пайдаланууга берилген «Жаштар» сейил багындагы инсталляцияны, тосмону белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Городок аймагында курулган сейил бак ушул жылы 21-сентябрь күнү пайдаланууга берилген болчу. Сейил бакка балдар аянтчасы курулуп, отургучтар жана түнкү чырактар орнотулуп, эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, интернет да киргизилген. Ал «Шаарыбыз баарыбызга» аталышындагы марафондон чогулган каражаттын эсебинен 1 миллион 200 миң сомго реконструкцияланган болчу. Өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом бөлүнүп, «Жаштар» сейил багынын биринчи бөлүгү оңдолуп, пайдаланууга берилген эле.

Ал эми учурда сейил бактын тосмолорун, «I love Naryn» инсталляциясын сындырып, отургучтарга жазып кетишти. Бул көрүнүш социалдык түйүндөрдө да талкууга түшүп, колдонуучулар элдин маданияттуулугун жогорулатуу керектигин белгилешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×