Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.11.2018 14:48

Ак-талаалыктар мамлекеттик нотариустун жумуш ордунда жок болуп жатканына нааразы. Кызматкер өзү эмне дейт?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жергиликтүү тургундары нотариустун жумуш ордунда жок болуп жатканына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Насыя алып жаткам. Документтерди күбөлөндүрүү керек экен. Тилекке каршы нотариуска келсек кызматкер жок экен. Телефон аркылуу байланышсак, Ат-Башы районунун нотариусу жок болуп жатканына байланыштуу ошол жакта иштеп жатыптыр. Келер деп 1 жума күтсөк, келген жок. Дагы телефон аркылуу байланышсак, бул жумада дагы бара албастыгын айтты. 1-күндөн 4-күнгө чейин Ат-Башыда, 5-күнү Ак-Талаада иштерин кошумчалады. Аргабыз кетип акимдин орун басарына, Юстиция министрлигине чейин чалдык. Ат-Башынын элин тейлесе болот, Ак-Талаанын элин тейлегенге болбойбу? Ал районго ошол жактан нотариус дайындап берип коюшпайбы. Бул жерде нотариус М.Казиевага нааразы болгон жокпуз. Ал киши жогору жактын тапшырмасын аткарып жатат да. Ат-Башы районуна өзүнчө нотариус дайындабай жатышкан жогору жакка нааразыбыз. Биз деле элбиз», - деди Чатыркүл Дөнөмбаева.

Ал эми Ак-Талаа райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу Махабат Казиева: «Ат-Башы районунун нотариусу облустук сотко судья болуп кеткендигине байланыштуу облустук юстиция башкармалыгы тарабынан Ат-Башы районуна нотариус дайындалганга чейин 2-3-4-күндөрү Ат-Башы районуна, 1-күнү жана 5-күнү Ак-Талаа районуна иштегенге буйрук чыгарылыптыр. Бул маселени мен чече албайм. Буйрукту аткарып жатам. Кудай буюрса ноябрь айынын аягына чейин Ат-Башы районуна нотариус дайындалып калар. Сынак дагы жарыяланган», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×