Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 06.11.2018 10:06

Кочкордо «Хонда Степвагон» менен жүк ташыган унаа кагышып, 2 адам жабыркады

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 255-чакырымында, тактап айтканда Долон ашуусундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам жабыркады. Окуя кечээ, 5-ноябрда саат 18:40 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсык Кочкор районунун аймагында катталып, «Хонда Степвагон» менен «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу — 1958-жылы туулган А.К. менен жүргүнчү — 1987-жылы туулган Э.Ш. (аял киши) жаракат алган.

Куткаруучулар жабырлануучуларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Алар райондук ооруканага жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×