Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.11.2018 10:51 На русском

Ата-энемден эрте ажырап, 6 баламды жерге бердим, - 88 жаштагы Арпакан Мамытова (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 88 жаштагы тургуну Арпакан Мамытова 12 балалуу болуп, 6 баласын жерге берген. Ал бала чагын жана жашоосундагы түйшүктүү, кубанычтуу учурларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Арпакан Мамытова 1930-жылы Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарык дүйнөгө келген. 7-классты аяктаганда өмүрлүк жолдошу Жолочу Мамытовго турмушка чыккан.

Ата-энеден эрте ажырадык

Жашоо биз ойлогондой боло бербейт тура. Менин балалыгым согуш жылдарына туш келип калды. Иним Назаракун 1 жашында, мен 3 жашымда апамдан айрылдык. Кийинчерээк атам Самсалы Гүкүлүй аттуу апалуу кылды. Ал апабыз бизди жакшы карап бакты. Дагы эки бөбөктүү болдук.

Кандуу согуш

1941-жылы кан күйгөн согуш башталды. Мен 12 жашка чыкканда атамды «согуш болгон жердеги бузулуп калган тамдарды оңдойт» деп алып кетишкен. Кайсы мамлекетке кеткени эсимде жок. Бир жылдан кийин эле атамдан кабар жок болуп калды. Согуш болуп жаткан жылдары элде ачарчылык болуп, кыйналдык. Тапкандын баарын жоокерлерге жөнөтүшчү. Буту баскан балдар да орулган арпанын данын терүүгө жардам беришчү эле.

Үй-бүлө түйшүгү

Биздин заманда кыздар эрте эле күйөөгө тийишчү. Согуш басылгандан кийинки жылдары мени Ак-Музга ала качып кетишти. Күйөөм айылдагы мектепте тарых мугалими болуп иштечү экен. Келин болуп келгенден кийин 4 жыл согунчогум канабай жүрүп, 1953-жылдары улуу кызымды төрөдүм. Карылыктан улам жылдарын жакшы эстеп айта албай жатам. Бардыгы 12 бала төрөп, алтоону жерге бердик. Колхоздо сакманчы, сугатчы болуп иштедим. Сугат маалында баламды бешикке бөлөп, атка өңөрүп алып, талаада иштеген күндөр болгон. Балдар ооруп калганда дары бербей эле элдик медицина менен айыктырып алчубуз. Башкарма кайда жумушка жөнөтсө, ошол жакта иштечүбүз. Сакманчы болуп да иштедим. Ал эми жолдошум мектепте мугалим, директордун орун басары болуп иштеди.

Касиеттүү арашан суусу

Бир окуя эсиме түштү. Күйөөм башы ооруп жатканын айтып калды. Операция жасатууга борборго кеткен. Бирок дарыгерлер операция кылбай эле коюу керектигин айтышыптыр. Ошол жылы жай айында 3 ай бою Ак-Сайга боз үй тиктирип, арашандын суусунан ичип эс алды. 3 айда оорусунан айыгып келди. Кыргызстанда ушундай касиеттүү жерлер бар. Жолдошум союз тарайт деп жаткан учурда 60 жашка чыга элегинде дүйнө салды. 40 жыл чогуу ынтымакта жашадык.

Кудайга шүгүр уучум кур эмес. 6 баламдан 23 небере жана 25 чөбөрө көрдүм. Быйыл 88 жаштын чайын ичип жатам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×