Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.11.2018 08:10 На русском

Нарындыктар троллейбустарда жүргүнчүлүк билеттер менен жүрө башташат

Turmush -  Нарын шаарында жүргүнчүлөр троллейбустарда жүргүнчүлүк билеттер менен жүрө башташат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кабыл алынды. Ошондой эле билеттин үлгүсү, баасы да бекитилди. Билеттер 3 түрдө болот. Окуучулар үчүн (5-11-класстар), студенттер жана чоңдор үчүн чыгарылып, 1 айлык билеттин баасы бардык категориялар үчүн 100 сомду түзөт. Ал эми 1-4-класстын окуучулары үчүн жыл сайын жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнүп, бекер жүрүшөт. Жүргүнчүлөрдү билет менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүнүп, анын 10 миң сому билет чыгарууга жумшалат. 40 миң сомго ар бир троллейбустун жүргүнчүлөрүнүн жол кире акысын төлөөсүн көзөмөлдөө максатында кирүү жана чыгуу эшиктерине видеокамералар орнотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×