Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 06.11.2018 00:06

Кызарт ашуусуна кум төгүлүп, унаалар өтө албай калды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 5-ноябрда саат 21:00 чамасында Жумгалдагы Кызарт ашуусунда көмүр ташыган чоң унаалардын тыгыны жаралды. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, тыгынга жолдо төгүлгөн кумдан өтө албай калган 2 жүк ташуучу унаа себеп болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы Жумгал районундагы жергиликтүү тургундар Кочкор—Жумгал унаа жолунун абалына нааразы болуп жатышканы жарыяланган эле. Маалым болгондой, жергиликтүүлөрдүн бул арыздануусунан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускуловдун тапшырмасы менен Транспорт министрлигинен комиссия жана облустун жетекчилиги Кочкор–Жумгал жолунун абалын карап чыкмак. Ага чейин жолго шашылыш кум-шагыл үймөлөктөлүп төгүлүп, анын кесепетинен унаалар өтө албай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×