Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2018 16:28

Нарында журналистика тармагында иштеген кызматкерлер сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында маданият жана журналистика тармагында иштеген кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-ноябрда Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрында 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнүнө жана 7-ноябрь — Басма сөз күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Анда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын ОИИБ жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан маданият жана журналистика тармагында иштеген кызматкерлерге, ошондой эле III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, байгелүү орундарга ээ болгондорго ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×