Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 05.11.2018 14:04

«Бул кандай акмакчылык?»: Жумгалдагы тургундар Кочкор—Жумгал жолунун абалына нааразы (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунда жергиликтүү тургундар Кочкор—Жумгал унаа жолунун абалына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Жакшылык Дуулатбеков билдирди.

Анын айтымында, Кочкор—Жумгал жолунда унаа жүрүүгө болбой калгандыктан райондук №24 жол тейлөө мекемесине кайрылышкан. Алар быйылкы кышкы күтүү аталган мекемеге каралбаганын жана өкмөттөн каражат бөлүнбөгөнүн айтышкан.

«Бул кандай акмакчылык, ушинтип эле өтүп кетебизби? Канчалаган техникалар жолдо жатат. Жумгал эли эмне эл болбой калдыкпы? Президент, депутаттарыбыз, Жумгал элинин намыстуулары, жаштары барбы? Экономикабыз өнүкпөй эле артка кетти. Бул жолго караганда жайлоонун жолдору жакшы. Убакыттын баары жолго кетип жатат. Унаасы барлар ыйлап жатат. Алардын тетиктери кымбат. Кандай кылыш керек, кандай кылсак жолубуз оңолот?
Жумгал—Кочкор жолунун абалы оор. Урматтуу президент, бизден чыккан эл өкүлдөрү көңүл буруп койгула. Биз силерге шайлоодо эле керекпизби», - деди Ж.Дуулатов.

Ал эми Эрнист аттуу айдоочу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып: «Жалдырап жүрүп өтөбүз го. Мына 5 жыл да өтүп бара жатат. Жыргатабыз, кыйратабыз дедиңер эле андан дайын жок. Парламенттик шайлоого чейин Кочкор—Жумгал жолу оңдолуп, асфальтталбаса кечирип койгула бүтүндөй район шайлоого катышпайбыз», - деди.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов быйылкы кышкы күтүүгө акча каражаты каралбаганын, бирок Дыйкан—Кызарт жолунун 70 чакырымын жасай турган италиялык компания аталган жолду көзөмөлдөп турарын айтты.

«Италиялык компания Дыйкан—Кызарт жолунун 70 чакырымын жасамай болушту. Алар ушул жолго жарыяланган тендерди жеңип алышкан. Эки субподрядчиги бар. Азыр техникалар келип жатат, жолду өткөрүп алышкан. Кышкы күтүү, оңдоо иштерин алар карайт», - деди Моңошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×