Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2018 11:11

Нарында улгайган энелерге белектер берилди (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасында Балдарды, Улгайган адамдарды жана Майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө өкмөттүн 237-токтомунун негизинде жарыяланган «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» деген аталыштагы 1 айлыктын алкагында Нарын шаарында кары адамдарга жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул бир айлыктын алкагында демөөрчүлөр тарабынан шаарда жашаган 80-90 жаштардагы энелерге белектер берилди.

«Карысы бардын ырысы бар, деп коет эмеспи. Биз жыл сайын Карылар күнүндө шаарыбыздагы эки энеге белек берип келебиз. «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» деген аталыштагы 1 айлыктын алкагында быйыл Нарын шаарынын 93 жаштагы жашоочусуна, ошондой эле 80 жаштагы жашоочусу Г.Жээналиевага дагы белектер берилип, материалдык колдоо көрсөтүлдү», - деп билдиришти демөөрчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×