Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.11.2018 10:33

Бала тили — бал: Мага сулуу балдар жагат, - 5 жаштагы Бегимай (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Бишкек шаарында жашаган 5 жаштагы Бегимай Кыдырбаева.

- Атың ким?

- Бегимай.

- Канча жаштасың?

- Бештемин.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Догдур.

- Алар эмне кылышат?

- Тентек балдарга ийне саят.

- Сени үйдөн ким урушат?

- Апам. «Тентек кылба» дейт (кабагын бүркөп).

- Апаң сени эмне деп эркелетет?

- Садагам, жөжөм дейт.

- Апаң менен атаң кайда иштешет?

- Базарда экөө тең.

- Сен кандай кызсың?

- Сулуумун.

- Сулуу кыздар кандай болушат?

- Жакшы.

- Келбеттүү балдар кандай болушат?

- Алар да жакшы. Мага сулуу балдар жагат да.

- Үй-бүлө деген эмне?

- Бактылуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×