Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.11.2018 09:24

Жаш талант: Бала кезинен сүрөт тартып, макеттерди жасаган Бермет белгилүү архитектор болгусу келет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 16 жаштагы тургуну Бермет Нарынбек кызы кичинекей кезинен бери сүрөт тартып, бийлеп жана сынактарга да катышып келет. Ал келечекте архитектор же дизайнер болууну пландап жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Бермет максатын ишке ашыруу үчүн азыртадан баштап ар кандай макеттерди жасоо менен алек. Ошондой эле бош убакта китеп окуп, волейбол ойнойт.

«Таякелерим сүрөттү аябай жакшы тартышат. Мен дагы мектепке бара элек кезимде эле сүрөт тартууга кызыгып, бүгүнкү күнгө чейин калем сап жана түстүү боёктор менен адамдын, жан-жаныбарлардын сүрөтүн кагаз бетине түшүрөм. Сүрөт тартуу боюнча райондук сынактарга катышып, атаандаштарым менен күч сынашуудамын. Мындан тышкары бийлөөгө кызыгып, классташ кыздар менен биргеликте бийдин кыймылдарын оюбуздан чыгарып, бийдин түрүн үйрөнүп, мектептеги концерттик иш-чараларга катышып жатабыз. Формаларды да өзүбүз тиктиребиз.

Келечекте белгилүү архитектор же ички жасалгалардын дизайнери болууну пландап жатам. Азыртадан планымды ишке ашыруу максатында ар кандай макеттерди жасоо менен алектенип, бош убактымда китеп окуп, волейбол ойнойм», - деди ал.

Бермет үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусу. Ал аталган айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектепте 10-класста билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×