Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 05.11.2018 09:15

Нарын районунда жаңы мал дарылоочу пункт ишке кирди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Он-Арча айыл аймагына караштуу Оттук айылында ветеринарлар үчүн мал дарылоочу пункт иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин аталган аймакта ветеринарлар үчүн малдарды дарылоо көйгөй болуп келген.

«Аталган көйгөйдү чечүү жана ветеринарларга жагымдуу шарт түзүп берүү максатында, мал дарылоочу пункт ишке кирди. Бул жерден атайын ветеринардык адистер жугуштуу оорулар боюнча анализ алышып, малды текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү маалымдамаларды да жазып беришет», - дейт айыл аймагынын башчысы Автандил Молдосалиев.

Мал дарылоочу жай АРИС тарабынан 2 миллион сомго чукул каражатка заманбап техника, боз үй жана керектүү жабдыктар менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×