Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2018 08:41 На русском

Сүрөт — Нарында Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева атындагы сейил бак ачылды

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында жаңы курулган Гүлмира Мамбеталиева атындагы cейил бак 3-ноябрда пайдаланууга берилди. Аймактык кабарчы билдиргендей, анын салтанаттуу ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Г.Мамбеталиеванын туугандары, коомдук ишмерлер катышып, эмгегин эскерүү менен маркумга куран окушту.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жана окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Нарынбек Молдобаев куттуктоо сөздөрүн айтышып, маркумдун адамгерчилиги жана коомдук иштердеги эмгеги туурасында да эскеришти. Сейил бактын курулушуна маркумдун туугандары жана жакын санаалаштарынын демөөрчүлүгү менен 1 миллион сомго жакын каражат жумшалган.

Сейил бак айылдын кире беришинде жайгашып, анда балдар ойноочу жайлар, чакан сахна, эс алуучу отургучтар орнотулган. Ошондой эле Тянь-Шань карагайларынын, кайыңдын көчөттөрү отургузулду.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Илимпоз, коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору, философия илимдеринин кандидаты жана «Какен Мамбеталиева» атындагы коомдук фонддун төрайымы жана «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти кызматын аткарып турган Гүлмира Мамбеталиева 61 жашында узак убакытка созулган оорудан кийин 2017-жылы 25-апрелге караган түнү каза болгон. Анын денеси Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 27-апрелде жерге берилген болчу.

1378851.1.1493092636

Аскар Салымбеков менен жубайы Гүлмира Мамбеталиева (архив)

Салымбеков

Гүлмира Мамбеталиеванын кыскача өмүр баяны:

1956-жылы 29-январда Бишкекте төрөлгөн. Нарын шаарында орто мектепти аяктаган. 1977-жылы КМУнун тарых факультетин, 1986-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин улук илимий кызматкери, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун окутуучусу, Кыргыз айыл чарба институтунун ага окутуучусу болуп иштеген. Кыргыз ССР илимдер академиясынын философия жана укук таануу институтунун илимий жана улуу илимий кызматкери болгон. Нарын мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген.

Г.Мамбеталиева «Жыл тандоо – 2005» сынагынын лауреаты, «Мустафа Кемал (Ататүрк) илим жана маданият» эл аралык кайрымдуулук фондунун сыйлыгынын лауреаты жана «Жылдын меценаты» наамына ээ болгон. Ал 80ден ашык илимий макалалардын автору, анын ичинде эки илимий монография жана 5 китеп бар.

Өмүрлүк жолдошу белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Аскар Салымбеков экөөнүн эки уулу бар.

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×