Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 03.11.2018 11:05

Нарында маданият кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда маданият кызматкерлеринин арасында спорттун төрт түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, маданият кызматкерлери эки күнгө созулган мелдеште күйөрмандарга кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду маданият кызматкерлери, экинчи орунду музыкалык мектептин жамааты, 3-орунду ЖМКнын өкүлдөрү, 4-орунду театр кызматкерлери, 5-орунду НТКнын өкүлдөрү камсыз кылышты.Тогуз оюнчуга мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн баалуу белектери берилди. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×