Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.11.2018 18:11

Баетовго 90 жыл: Ак-Талаанын тарыхый инсандарынын инсталляциясы орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтындагы мунара саат жана анын айланасы өзгөчө үлгүдө жасалгаланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айылдын 90 жылдыгына карата элдик марафондон түшкөн 2 млн сомго чукул каражатка мунара сааты жаңыртылып, айланасына таштаман төшөлүп, мурунку жарнама илүүчү жайдын ордуна темир материалы менен хан Шырдакбектин, Тайлак баатырдын, Муса Баетовдун жана Тоголок Молдонун инсталляциясы жасалды. Ошондой, эле бул кичинекей аянтчага отургучтар орнотулууда жана гүл аянтчанын пайдубалдарына тарыхый жайлардын, көчмөн элдин жашоосун чагылдырган сүрөттөр түшүрүлүүдө.

Мындан тышкары «Жеңиш» сейил багынын ичине аллея курулуп жана Муса Баетовдун айкели орнотулду.

«Айылыбыздын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесин белгилөө астында турабыз. Буга карата бир катар иштерди аткарып жатабыз. Буга чейин элдик марафон уюштуруп, андан түшкөн каражатка бир катар жайларыбызды жаңыртып жатабыз. Өзгөчө Ак-Талаадан чыккан залкар аталарыбыздын жана тарыхта даңкы калган баатырларыбыздын инсталляциясын жасатып тургуздук. Мындай инсталляция облустун эч бир жеринде жок. Бул өзгөчө көрүнүш десем жаңылышпайм», - деди айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков.

6-7-ноябрь күндөрү Баетов айылынын 90 жылдык мааракеси улуттук ат оюндардын, маданий иш-чаралардын коштоосунда белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×