Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуНарын району 02.11.2018 22:09

Нарын районунун бийлиги Нарын казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын казыяты Нарын райондук хатибияты менен биргеликте Нарын райондук мамадминистрациясынын өкүлдөрүнө семинар уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич, акимдин орун басары Роза Жумаева жана Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев, айыл өкмөт башчылар, айылдык мектеп директорлору катышкан бул семинар Нарын медресесинин студенттеринин чакан программадагы концерти менен коштолду. Анда медресенин окуучулары өз таланттарын көрсөтүп, көркөм окуп, «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Келген конокторго Нарын казыяты тарабынан тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, медресенин жана казыяттын жүргүзүп жаткан иштери тааныштырылды. Иш-чаранын алкагында дин кызматкерлери жалпы айыл өкмөттөрдү жана мектеп директорлорун жаш муунду тарбиялоодо биргеликте иш алып барып, көмөктөшүүгө чакырды.

Иш-чаранын аягында Нарын районунун акими Семетей Черикбаев: «Ар бир айыл өкмөт, мектеп директорлору элди, анын ичинен жаштарды адептүүлүккө, билимдүү болууга, ишкердик кылууга чакырган чакан семинарларды жок дегенде жылына эки-үч жолу кылып турса жакшы болмок», - деген пикирин айтып, жаштарга инвестиция кылууга чакырды.

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич Нарын казыяты менен биргеликте мектептерди кыдырып, сабактарды өткөрүү жемиштүү болуп жатканын жана үстүбүздөгү окуу жылында дагы Нарын районунун мектептерин кыдырып, семинар кылуу ниетинде экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×