Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.11.2018 12:38

Жумгалдын Байзак айылдык маданият үйү бала бакчага айланды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылдык маданият үйү бала бакчага айланды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы К.Насыбалы уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган имарат түрткү берүүчү гранттын эсебинен 50 орундуу бала бакчага ылайыкталып, 2,1 млн сомго жасалды. Анын өздүк салымы катары жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 550 миң сомго эмеректер алынып берилген.

«Бул маданият үйү К.Матыкеев атындагы маданият үйү деп аталчу. Бул аталыш ушул боюнча калтырылды. Эми К.Матыкеев атындагы бала бакча деп атайбыз», - деди ал.

Бала бакча жакын арада пайдаланууга берилет. Бала бакчада кезек күткөндөрдүн саны жүзгө жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×