Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуНарын району 01.11.2018 09:30

Нарындын Он-Арча айыл өкмөтүндө көмүр кампасы ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылында элди көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр кампасы ачылды. Көмүр базасын жергиликтүү бийлик менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы биргеликте уюштурганын аталган айыл өкмөттүн башчысы Автандил Молдосалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү жашоочуларга көмүр жүк ташуучу унаалар менен башка аймактан ташылып келчү.

«Он-Арча айыл аймагында көмүр сатуу базасы ачылып, 20 тонналык эки контейнер коюлду. Учурда 60 тонна көмүр алынып келип, сатылууда. Жергиликтүү элге жакшы болду. Анткени көмүрдү сатып келгендер тонналап сатып, көбүнчө эл мүшөктөп ала алышчу эмес. Аны дагы өз убагында алып калбасаң, кайра сатып келгиче көмүрү жок калчу. Буюрса уюшулган көмүр сатуу базасы элге пайдалуу болот деген ишеничтебиз. Эми элдин талабы менен канча көмүр керек десе алып келип берип турушат. Каражаты аздар мүшөктөп сатып ала алышат», - деди А.Молдосалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×