Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.10.2018 11:51

Жумгалда 44 жаштагы тургун ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылындагы жергиликтүү тургундан мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-октябрь күнү саат 19:30 чамасында 1974-жылы туулган Б.Н. ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал көтөрүп жүргөн жеринен кармалган. Жумгал РИИБдин Миң-Куш аймактык бөлүмүнүн башчысынын рапортунун негизинде акты түзүлүп, курал алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×