Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.10.2018 10:43

Зарылбек Моңошов жетектеген Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин аткарып жаткан иштери (видео, сүрөт)

Turmush -  28-октябрь — Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинде майрамдык иш-чара уюштурулуп, мыкты кызматкерлер ардак баракчалар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Аны менен бирге буга чейин өмүр бою жол тейлөө тармагында эмгектенген ардактуу ардагерлер чакырылып, сый-урмат көрсөтүлүп, алардын сүрөттөрү, өмүр таржымалы тууралуу маалыматтар мекеменин ардак тактасына илинди. Андан сырткары мекеменин башчысы Зарылбек Моңошовго Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Женалиев райондун ардак грамотасын тапшырды.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемеси жалпы 445,8 чакырым жолду тейлейт. Мунун ичине 82 чакырым Кочкор—Арал жолу, 24 чакырым мамлекеттик маанидеги Арал—Миң-Куш жолу, 339,8 чакырым жергиликтүү маанидеги унаа жол жана 49 чакырым Дыйкан—Кара-Кече жолу кирет. №24 жол тейлөө мекемесинде жалпы 34 адам эмгектенет.

Мекеменин 2018-жылга бекитилген планы боюнча аткарылган иштер жана орто оңдоо иштеринин жүрүшү:

Дыйкан—Көлмө жолуна 4 млн 456,7 миң сом каралып, 1 чакырым жолго асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп бүткөрүлдү. Чет-Булак—Кызарт жолунун 0,7 чакырымына алгач 3 млн 168 миң сом титул менен бөлүнүп, кийин 3 млн 955,4 миң сомго асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөн. Андан соң кошумча 0,3 чакырым жолго 1 млн 302,7 миң сом бөлүнүп, жалпы 1 чакырым жолго топтук эсеп менен айтканда 5 млн 258,1 миң сомго асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлдү. Жумгал—Түгөл-Сай жолунда бүгүнкү күндө жолдун негизи бүткөрүлүп, валик даярдалып, битуму куюлуп, аткарылган жумуштун суммасы 3 млн 297,5 миң сомду түздү.

Капиталдык салымдар боюнча райондун борбору Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнө 7 млн 420 миң сом каралып, 2018-жылдын октябрь айына чейин 501 метр аралыктагы жолго асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп бүткөрүлдү. Ошондой эле Жумгал—Түгөл-Сай жолунун 1,5 чакырымына кара шагыл аралашмасын төгүү иштери каралган. Бирок көрсөтүлгөн жумушту аткаруу максатында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын негизинде 2018-жылдын 14-августунда тикелей келишим түзүү усулу менен 22-августта ачылган тендер боюнча 2 ЖЧК катышкан. Анын жеңүүчүсү болгон «Имран-Али» ЖЧКсы аталган жолго валик даярдап, битум куюлган боюнча 2019-жылга калтырышты. Себеби, сынактын кеч өткөнүнө байланыштуу жана аба ырайынын сууктап кеткенинен жумуштар жылдырылган.

Жол тейлөө мекемеси тарабынан район аймагындагы унаа жолдор өз убагында сүрүлүп, түздөлүп турду. Жалпы мамлекеттик деңгээлдеги Кочкор—Арал жолуна 210 тонна асфальт алынып, 1326 метр чарчы асфальт жолдогу чуңкурлар оңдоодон өттү.

Ал эми мекеменин жетекчиси Зарылбек Моңошов учурда кышкы мезгилге унаа жолдор даяр экендигин белгиледи.

WhatsApp Image 2018-10-31 at 10.58.10

«Кочкор—Арал жолунун 41-105 чакырым аралыгындагы Кызарт, Кашка-Кыя участогуна 1050 метр чарчы кум-шагыл аралашмасы даярдалды. Жолдордогу жол белгилери, көпүрөлөрдүн перилалары, түтүктөрдүн абалы каралып, сигналдык түркүктөр, паннолордун баары акталып, сырдалып иретке келтирилди. Быйылкы 2018-жылдын иш планында каралгандай, районубуздун аймагынан өтүүчү Түндүк-Түштүк унаа жолунун Дыйкан—Эпкин (Ак-Учук) участкасынан 70 чакырым жол 3-фазанын алкагында башталат деген үмүттөбүз. "Жолу оңолгондун иши оңолот" дегендей Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу бүтүп калса, Жумгал элинин түштүк эли менен болгон байланышы бекемделип, жерибизде жакшы жаңылыктар болорунан шек жок. Президентибиз айткан 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылына карата биздин мекеменин имаратына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп алдык. Айта кетсек, жол тейлөө мекемеде иштеген кызматкерлерге шарт түзүү үчүн мейманкана, жуунучу жай, кароолчунун бөлмөсү, административдик имарат толук оңдоодон өткөрүлдү.

Административдик имараттын айланасы темир тосмолор менен тосулуп, түнкү жарыктандыруу иштери жүрдү. Ал эми короонун ичи да жетишээрлик деңгээлде оңдоодон өтсө, Кызарт ашуусундагы кышкысын жумушчулар вахталык ыкма менен иш жүргүзгөн 2 бөлмөлүү имаратыбыз оңдоодон өтүп, жылууланды. Жол техникалары толук оңдоодон өтүп, кышкы мезгилге толук даяр. Ушул жумуштарды аткарууда чакан мекеменин жумушчуларынын, кызматкерлердин эмгектери зор», - деди З.Моңошов.

53 жаштагы Зарылбек Моңошов Сүйдүевич бул кызматта 2017-жылдын 15-августунан тарта эмгектенип келет. Ал райондун Көк-Ой айылында 1964-жылы туулган. Кесиби боюнча жол инженери, Кыргыз архитектура-курулуш институтун аяктаган.

1983-жылы ушул мекемеде жол мастери, 1986-жылы линиялык инженер, 1987-жылы жол тейлөө мекеменин №2 бөлүгүндө жетекчи, 1988-жылы 1-категориядагы инженер, 1994-жылы №4 бөлүктө жол мастери, ушул эле жылы башкы инженер болуп иштеген. Андан соң 1996-жылы №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси, 1998-жылы пландоо жана көзөмөлдөө боюнча инженер, 2007-жылы ушул эле мекемеде башкы инженер болуп иш алып барган.

2010-2011-жылдары Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. Айылдык кеңештин үч жолку чакырылышындагы депутат (1986-1989-жылдар, 2012-2015-жылдар, 2015-2018-жылдар).

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×