Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 31.10.2018 10:21

Айыл турмушу: Мугалим Чынаркүл Өмүралиева тентек окуучулары театрда роль жаратканда ыйлаган (сүрөт)

Turmush -  Билим берүүнүн отличниги Чынаркүл Өмүралиева 31 жылдан бери география сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет. Ал жаштык кези, эмгек жолу жана окуучулары тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Чынаркүл Өмүралиева 1960-жылы Нарын районунун Миң-Булак айлында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө эле география, тарых сабактарын жакшы окуп, максатына жетип, мугалим болгонун айтат. Ал мектепти бүткөн соң бир жыл өзүнүн айылындагы «Максат» комсомолдук жаштар бригадасында иштеген. Андан кийин жогорку окуу жайда билим алган.

«Балалык кезим Нарын районунун Миң-Булак айылында өттү. Мектепти бүтүрүп, комсомолдук жаштар бригадасында иштедим. Ал учурда 10-классты бүткөндө 1 жылга алып калышчу. Андан кийин азыркы Каракол, мурунку Пржевальсктагы институтта география факультетин бүтүрдүм. Ак-Талаа районундагы Жогорку-Май айылында 1 жыл иштеп, андан соң Нарын шаарындагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебине жумушка орноштум. Бүгүнкү күнгө чейин ушул мектепте эмгектенип келем. Жумушка орношкон жылы эле класс жетекчи болдум. Ачык сабактарды өтүп, талбай иштеп жатып бир топ сыйлыктарды алдым. Балдарды үйгө чейин алып барып олимпиадага даярдачубуз. Окуучуларымды республикалык олимпиадаларга 6 жолу алып барып келдим. Мектепте окуп жүргөндө эле тарых жана география сабактарын абдан жакшы көрчүмүн. Окуу жайда практикага көп бардым. 3-курсту бүткөндө Кыргызстанды кыдырып, 4-курсту аяктаганда чет өлкөгө чыктым», - деди ал.

Мугалим окуучулары менен болгон кызыктуу учурларды эске салды.

«Жыл сайын Салкын-Төр, Теке-Секирик деген эс алуучу жерлерге окуучуларды алып барчубуз. Бир жылы башка класстын мугалими, окуучулары болуп Теке-Секирикке бардык. Окуучулар ойноп, биз аларга тамак-аш даярдап, сүйлөшүп отурганбыз. Ошол учурда эркек балдар тоого чыгып кетип, аркасынан калгандары чыгып бара жатыптыр. Эң башында чыккан бала ташты кулатып жибердиби же бутуна тийдиби өйдө жактан таш кулай баштады. Жанымдагы мугалим эже экөөбүз коркуп кеттик. Ылдый жактагы балдардын бирине да таш тийбей, окуучулар аман-эсен тоодон түшүп келди. Ошондо абдан корккон элем», - деди ал.

Театр менен окууну айкалыштырган окуучуларды окутканын айткан Чынаркүл Өмүралиева: «1996-жылкы бүтүрүүчүлөр абдан тентек эле. Ошол учурда Кенжегул Мендебаиров жетектеген "Үмүт" балдар театры келип, менин окуучуларымды жактырып, тандап алды. Тентек балдар таланттуу болот экен. Сахнанын артындагы түйшүк дегенди ошондо түшүнүп калдым. Алар театрга кызыгып, тентектиги билинбей өтүп кетти. Окуучуларым роль жаратып жатканда ыйлаган күндөр болгон», - деди.

Ал үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыз жана 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×