Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуНарын району 31.10.2018 09:22

Коллегиялык жыйын: Нарын районунун эки айыл өкмөтүндө дан эгиндин түшүмдүүлүгү төмөн болду

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы өтүп, анда 2018-жылдын 9 айындагы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралды. Ошондой эле жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да айтылды.

Жыйында маалым болгондой, райондо ушул жылдын 9 айында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи камсыз кылынган эмес. Күзгү ооруп-жыюу иштеринин жыйынтыгы менен Кара-Кужур, Казан-Куйган айыл аймактарында дан эгиндин орточо түшүмдүүлүгү төмөн болуп, 2,6 центнерден төмөн алынган. Пайда салыгынын планы 24,7 пайызга гана аткарылган. Райондун өнүктүрүү фондусуна Миң-Булак, Казан-куйган, Учкун айыл өкмөттөрү тарабынан долбоорлор сунушталган эмес. Ошондой эле калктын аз камсыз болгон бөлүгүн көмүр отун менен камсыз кылууда Сары-Ой, Дөбөлү, Ак-Кудук айыл аймактарынан башка айыл аймактарда толук кандуу иштер уюштурулбай келет.

Коллегияны райондун акими Семетей Черикбаев жыйынтыктап, кемчиликтерди четтетүү боюнча бир катар сунуштар айтылып, аны аткарууга карата тапшырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×