Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 09:45 На русском

Айыл турмушу: Биздин кесипти элдин көбү баалашпайт, - тазалык кызматкери К.Жакшылыков (сүрөт)

Turmush -  65 жаштагы Каныбек Жакшылыков «Таза Нарын» ишканасында 4 жылдан бери тазалык кызматкери болуп эмгектенип келет. Ал кесиби тууралуу аймактык кабарчы менен ой бөлүштү.

Өзүнүн айтымында, буга чейин Нарын районунун айылдарында дыйкан чарба жана Нарын шаарындагы мамлекеттик ишканаларда ар түрдүү иштер менен алектенип келген.

«Өзүм Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынан болом. Ал жерде 1981-жылдан 1984-жылга чейин дыйкан чарба менен алектенип, чөп жыйнап, сугат сугарып иштедим. Кийин жогоруда аталган шаарга келип, ар түрдүү кызматтарды аркалап келдим. 2014-жылдан тарта "Таза Нарын" ишканасында тазалык кызматкери болуп эмгектенем. Алгач бул жумушка киргенимде абдан кыйналып, жийиркенген учурлар көп кездешкен. Азыр көнүп калдым. Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы бар эмеспи. Биздин жумуш дагы абдан оор жана аны көп эл түшүнүп, баалай беришпейт. Өзгөчө жаз, күз мезгилдеринде таштанды жыйноодо кыйынчылыктар жаралат жана мал-жандыктардын өлүктөрү көп чыгат», - деди ал.

Каныбек Жакшылыков: «Шаар тургундары таштандыларды урнага салбай таштап койгондо жолбун иттер дагы көбөйүп, аларды чачып, шамал болгондо учкан баштыктар шаардын көркүн бузат. Алардын кесепетинен "бизди иштебейт" деген сөзгө калабыз. Биздин ишти кээ бирлери түшүнүү менен кабыл алса, кээ бири тескерисинче эшигинин алдындагы таштандыларды "иштеп, акча алып жатасыңар, тазалагыла" деп бизге милдет кылган учурлар дагы болот. Ушул тармакта иштегендиктенби айтор көчөдөн бөтөлкө же ушул сыяктуу таштандылар жатса, ичим күйүп жаман болом. Өзүбүз тамекинин калдыгын дагы ар кайсы жерге ыргытпайбыз. Тургундарга кайрылып кетерим, шаарыбыздын тазалыгы өзүбүз үчүн. Өзүбүз кандай болсок, кийинки муун дагы ошондой болот», - деди ал.

Каныбек Жакшылыковдун жубайы Салтанат Шергазиева экөөнүн баш кошконуна быйыл 12 жылдын жүзү болду. Алардын 1 кыз, 1 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×