Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 29.10.2018 15:11

Кочкордун Кара-Суу айылындагы бала бакчага жаңы эмеректер берилди (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы «Ийгилик» бала бакчасына долбоор аркылуу эмеректер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Германия кызматташтык уюмунун ( GIZ ) Жарандык коом менен биргеликте өнүгүү долбоорунун колдоо фондунун (Fonds) жардамы менен керектүү жабдуулар алынган. Бала бакчага жакшы шарттарды түзүү, социалдык долбоорду ишке ашыруу үчүн 853 387 сомдук финансылык колдоо көрсөтүлдү. Бул каражаттарга бала бакчага ашкана жабдыгы, жууркан-төшөк, эмеректер алынып берилген.

Ошондой эле жергиликтүү элдин салымы менен бала бакчанын имаратына суу киргизилип, ашканада оңдоо иштери жүргүзүлүп, санитардык шарттар жакшырды.

Бала бакчада 60 бала тарбияланып, 17 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×