Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуНарын району 27.10.2018 12:48

Сүрөт — Нарын районун башкарган жетекчилер

Turmush -  Нарын району 1930-жылы түзүлгөн. Районго 1957-жылы Куланак району кошулуп, Нарын району деп аталган. Түндүгүнөн Кочкор, батышынан Ак-Талаа, түштүгүнөн Ат-Башы райондору, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ысык-Көл облусу менен чектешет. Аймактык кабарчы районду башкарган акимдердин сүрөтүн топтоду.

Учурда Нарын районун Семетей Черикбаев жетектейт.

Ал 2018-жылдын 12-февралында Нарын районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин Нарын районун Түгөлбай Жанбоев 6 жыл башкарган. Ал өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотулган болчу.

Черикбаев Семетей Мырзабекович 1979-жылы 4-августта Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курулуш, транспорт жана архитектура бөлүмүн аяктап, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

- 2002-2003-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында жумушчу;

- 2003-2004-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында айдоочу;

- 2004-жылы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында комендант;

- 2004-2005-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында администратор;

- 2005-2009-жылдары президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик административдик имараттарды кармоо жана пайдалануу боюнча борбору мамлекеттик ишканасында директор;

- 2009-2009-жылдары республикалык телерадио борборунда директордун кеңешчиси;

- 2009-2010-жылдары республикалык телерадио борборунда директордун орун басары;

- 2010-2012-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

- 2013-жылдан баштап Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.

Үй-бүлөлүү, 1 уул жана эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×