Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 26.10.2018 15:48

Кочкордо ала салган унаадагы жабырлануучулар Ак-Талаанын тургундары болгон

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда Ак-Талаа районунун тургундары жол кырсыгына учурап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин алдындагы ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, Кочкор РИИБге 25-октябрда саат 06:50 чамасында Кочкор районунун ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн Семиз-Бел айылындагы жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам жабыркап, ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Ак-Талаа районунун 1999-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну өзүнө тийиштүү «Aуди С4» автоунаасын түндүктөн түштүктү карай башкарып бара жаткан. Ал Бишкек—Нарын—Торугарт автожолунун 224-чакырымында рулга ээ боло албай, жолдун түндүк тарабына чыгып, анын кесепетинен унаасы ала салып кеткен.

Аталган унаадагы Ак-Талаа районунун тургундары – 1999-жылы туулган К.К. Кочкор районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, 1998-жылы туулган К. у К. менен 1998-жылы туулган М. у Б. хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында, тактап айтканда Сары-Чат тилкесиндеги жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 7 адам жаракат алганын билдирген.

Унаа жолдун Кочкор районунун аймагында «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жаракат алган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×