Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.11.2018 01:05

Айыл турмушу: 8 баланы өстүргөн Анипа Курманова апасынын жолун жолдоп, баатыр эне болду (сүрөт)

Turmush -  55 жаштагы Анипа Курманова 5 кыз, 3 уулдуу болуп, баатыр эне аталды. Ал 1963-жылы Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 9 бир тууган, апасы да баатыр эне болгон. Ал мектепти аяктагандан кийин Баш-Кайыңды айылына келин болуп келген. Учурда 11 жээн небереси бар.

«Мектепти бүтүп эле, 19 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз дыйкан чарба менен алекпиз. Эң кичүү уулум менен жашайбыз. Уул-кыздарым Россияда эмгектенишет. Баары тең бойго жетти, бирок келин ала элекпиз. Баатыр эне аталып, балдарымды жакшы тарбиялаганыма сыймыктанам. Себеби аталган наамды берерде балдарды юридикалык жактан текшерет экен. Апамдын жолун жолдоп, баатыр эне болдум», - деди ал.

Анипа Курманова учурда уул-кыздарына шырдак, жууркан-төшөк жасап, кол өнөрчүлүк менен алек.

«Кызды көп төрөгөн аял иштүү болот экен. Алардын ар бирине арнап сеп камдап, бирден шырдак даярдап койгом. Уул-кыздарымдын баарына колумдан келишинче төшөк, шырдак жасап, аларды сатып албаганга аракет кылам. Учурда жолдошум экөөбүз бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×