Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 25.10.2018 17:45 На русском

Кочкордо кыздар үлпөт көйнөк менен макияжга канча каражат сарптайт ?

Turmush -  Күркүрөгөн күз... Кыргыз элинде күн сайын тойлор болуп жаткан кези. Кафе-ресторандар жакшылыктардан бошобой, ага кызмат кылгандардын ташы өргө кулап турган кези.

Ар бир кыз турмушка чыгып жатканда ак көйнөк кийип, үйлөнүү тойдун ханбийкеси болууну кичине чагынан эле самайт. Бул жолу аймактык кабарчы Кочкор районундагы үлпөт көйнөктөрдүн жана макияждын бааларын билип чыкты.

Үлпөт салондордун биринде иштеген Чынар Мукамбеталиеванын айтымында, көйнөктүн ижара акысы орто эсеп менен 7 миң сомдон турат. Бул сумманын ичине кыздын сөйкө-шакектери, шиш такасы жана желим гүлү кирет. Ал эми фата ижарага берилбейт. Ал 1 миң сомго чейин бааланат.

«Мындан тышкары кызды боёнтууга да бир нече убакыт жана акча керектелет», - дейт чачтарач Чолпон Дамирбекова.

Анын айтымында, кыздын чачынын узундугуна жараша убакыт жумшалат. Орто эсеп менен чач жасалгалоого 1 миң сом керектелсе, макияжга 500 сом, тырмак, кирпик өстүрүү 2000 сомду чапчыйт. Ошентип Кочкор районундагы турмушка чыга турган кызга орточо эсеп менен 11 миң 500 сом өлчөмүндөгү каражат сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×