Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 24.10.2018 12:44

Айыл турмушу: Мектепте фельдшер болуп иштеген К.Орунтаева балдарды дарыгерлерге кээде өзү алып барат (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 57 жаштагы тургуну Кызылкүл Орунтаева Абдыкадыр Садыков атындагы №9 орто мектебинин ичиндеги медициналык пунктунун фельдшери болуп иштеп, келечек муундардын ден соолугуна кам көрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ак халат кийип, ийне саюу бала кезиндеги кыялы болгон.

«Мектепте окуп жүргөндө аппак халат кийип, ийне саюуга, деги эле медицина тармагына кызыкчумун. Чоң дарыгер болом дечүмүн, бирок ага жеткен жокмун. Анткени медициналык училищаны эле аяктагам.

1983-жылы Нарын медициналык колледжин аяктаган соң, 1984-1993-жылдар аралыгында Торугарт участогунда айдоочуларга фельдшер болуп эмгектенгем. 1993-2002-жылдары Нарын шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектендим. 2002-жылдан бери ушул эле мектепте фельдшер болуп, келечек муундардын ден соолугуна кам көрүп иштеп келем», - деди ал.

Фельдшер айым мектептеги ден соолугунан жабыркаган окуучуларга биринчи жардамын берип, андан соң дарыгерлерге жөнөтөт.

«Көбүнчө балдардын ден соолугуна, тазалыгына көзөмөл салып турабыз. Кээде ар кандай кырдаал болуп калат. Өзүм дарыгер болбогондон кийин биринчи жардамымды гана берип, тез жардам чакырганга дагы туура келет. Балдар көбүнчө баш оору, ич оору, тиш оору менен кайрылат. Аларга дарылардан берип, дарыгерге жөнөтөм. Балдар менен иштөөгө аябай көнүп калдым. Ар бир класска кирип “ооруган жоксуңарбы, кайсыл жериң ооруп жатат?” десең, кээ бирлери ооруп жатса дагы айтышпайт. Алардын тилин таап, алдап сурайбыз. Ата-энеси менен байланышта болуп турабыз. Ата-энеси жок болуп калган учурда үй-бүлөлүк дарыгерине өзүм алып барып, көрсөтүп келгенге туура келип калат. Андан сырткары бул жактан окуучулардын эле ден соолугун карабастан мугалимдерди дагы карайм. Кан басымы жогору болгон мугалимдер дагы бар, алардын кан басымын ченеп, дарыгердин жазып берген дарысы болуп калса берип турам», - деди ал.

Кызылкүл Орунтаева 19 жашында Ат-Башынын тургунуна турмушка чыгып, жолдошу экөө төрт кызга татыктуу тарбия беришкен.

«Мен өзүм Кочкор районунун Туз айылында төрөлүп, ушул жерде өскөм. 19 жашымда Ат-Башы районунун Кызы-Туу айылындагы жигитке турмушка чыккам. Жолдошум өмүр бою айдоочу болуп эмгектенди. Төрт кыздуу болуп, аларга татыктуу тарбия бердик. Кыздарымдын бирөөсү гана медицина жагын тандап, калган үч кызым мугалимдик кесипти тандашты. Баардыгына жогорку билим алуусуна мүмкүнчүлүк бердик», - дейт ал.

Медайымдын 34 жылдык эмгеги бааланып, мэриядан, Нарын шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан ардак грамоталарды жана баалуу белектерди алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×