Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.10.2018 01:07

Айыл турмушу: Мугалим Э.Жумабаеваны кайнатасы таң эрте «Москвичи» менен жумушуна жеткирчү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Калинин айылынын 32 жаштагы тургуну Эркайым Жумабаева 10 жылдан бери 12 чакырым жол жүрүп, окуучуларга билим берип келет. Мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Эркайым Жумабаева 2008-жылы окуу жайды окуп бүтүрүп, өзү туулуп өскөн жерге — Ат-Башы районунун Терек-Суу айылына барган. Анварбек Чортеков атындагы орто мектебинде математика жана информатика сабагынан мугалим болуу менен эмгек жолун баштап, ошол эле жылы Калинин айылына келин болгон.

«Аталган айылдан өзүмдүн айылыма каттап иштеп калдым. Айылдардын ортосундагы аралык 12 чакырымды түзөт. Алгач күндө жол тосуп барчумун. Азыр унаалуу болуп, кээде жолдошум жеткирсе, айрым учурда өзүм эле айдап барам. Кудайдын буйругу экен, 2008-жылдан бери биринчи айылдан экинчи айылга каттап иштейм.

Жаңы келин болгондо кайын атамдын сары "Москивичи" бар эле. Таң заардан туруп суу ысытып куюп, эртең менен саат 8де жумушума жеткирип жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде күлкүлүү окуяга туш болдум. Сабактан кийин жол тосуп турсам Калинин айылынын тургуну "Ауди" үлгүсүндөгү унаасы менен келип, токтоп калды. Карасам ичинде 7-8 эркек, аял кишилер да бар экен, алар өздөрү араң батып келе жатыптыр. Айдоочу "келинибизди кантип таштап кетебиз" деп өзү отурган орунга батырып, унаанын айнегине бетим чапташып келгени азыркы күнгө чейин эсимден кетпейт.

Мектепте да кызык окуялар көп болот. Окуучуларым жана ата-энелер менен бирге "Ата —аска зоо, эне — боорундагы булак, бала — күйүп турган шам чырак" аттуу сынак уюштурдук. Ата-энелер абдан жакшы даярдыкта келип катышты. Сынак жыйын залда өтүп жаткан эле. Алгач ата-энелер саламдашып, кезек менин окуучумдун ата-энесине келип, алар "саламатсыздарбы урматтуу телекөрүүчүлөр" дегенде зал күлкүгө толгон. Азыркыга чейин ошол күндү көп эстеп, күлүп калабыз», - деди ал.

Мугалим учурда директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенүүдө.

«Айрым сабактарды слайд аркылуу жеткирем. Сабакты логикалык суроолор менен баштаганга аракет кылам. Замандын талабына ылайык жаңы ыкмалар менен сабак өтөм. Мектеп администрациясынын, Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн, райондук, облустук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана "Аруузат айым" төш белгиси менен сыйландым.

Үч балам бар, 1 уулум 3-класста окуса, 2 кызым бала бакчага барат. Буюрса төртүнчү балабызды күтүп жатабыз. Келечекте окуучуларым таасирленген мугалим, балдарым барктаган мээримдүү эне жана эл керегине жараган адам болууну максат кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×