Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2018 17:53 Жаңыланды: 22.10.2018 19:10

Айыл турмушу: Нургазы уста жаңы ыкма менен жер титирөөгө туруштук берген үй куруп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын 33 жаштагы тургуну Нургазы Дербишов жаңы ыкма менен үй куруп жатат. Ага жубайы да жардам берүүдө.

Өзүнүн айтымында, мындай тез жана сапаттуу үй куруу ыкмасын атайын долбоор аркылуу айылдагы усталар менен бирге окуган.

«15 күндүк долбоор менен айылыбыздагы усталар жер титирөөгө туруштук берген сапаттуу, ылдам курулуучу үйдү курууну үйрөнүп, сертификатка да ээ болдук. Биз окуп бүткөндөн кийин Ош, Жалал-Абад облустарындагы усталарды окутуп келдик. Билгенден биле элегибиз көп дегендей, чындыгында мындай үй куруу ыкмасы абдан жеңил болуп, ар кандай кырсыктарга туруштук бере алат экен. Окууну бүтүрүп, ушул эле ыкма менен айылыбызга бир топ үй курдук. Туугандарым менен кеңешип, өзүбүзгө үй куруп жатабыз. Курулушту баштаганыбызга бир айдай болду. Күн сайын келип иштеген жокпуз. Өзүм куруучу болгондуктан кол бошой калганда эле келип иштеп жатам. Кеч баштап калгандыгыбызга байланыштуу быйыл курулуш толугу менен бүтпөйт. Эмдиги жылы жазында кайра баштап, буюрса жайга чейин кирип калабыз деген ойдобуз», - деди ал.

Уста мындай үй курууга көп каражат сарпталбай турганын белгиледи.

«Бул үйлөр жер титирөөгө туруштук бергени менен өзгөчөлөнөт. Каражат болсо 1,5 айда эле курса болот. Ошондой эле сапаттуу. Курулушка көбүнчө жыгачтар керектелет. Пайдубал тургузулгандан кийин дубалдар жыгачтардан жасалып, ортосун аралашма баткак менен толтуруп, ичи-тышын ар кандай каражаттар менен жылуулайбыз. Негизи ортосуна аралашма баткак салбай, дароо эле жылуулагыч каражаттарды салып койсо болот. Бирок биз экологиялык жактан таза болсун деп баткак менен толтурдук. Ушул эле ыкма менен эки кабаттуу үй курса да болот. Бышкан кирпич менен салганга караганда каражат азыраак кетет. Учурда куруп жаткан үйүм 7 бөлмөлүү. Ичине дүкөндү кошо куруп жатабыз. Жубайым бала менен үйдө отургандыктан дүкөн иштеткен ыңгайлуу», - деди уста.

Нургазы Дербишовдун жубайы Феруза менен жалгыз кызы да жардам берип жатышат.

«Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 4 жыл болуп калды. Бир кыздын ата-энеси болдук. Кызыбыз бизге бал тили менен колдоо көрсөтүп турат. Үйдү жолдошумдун идеясы менен куруп баштадык. Ал былтыр сапаттуу там куруу боюнча окуп келген. Жолдошум жалгыз иштеп жаткандыгына байланыштуу мен дайым жанында жыгачтарын кармап, аз да болсо карааным, жылуу сөздөрүм менен жардам берип жатам. Азыр кайын атамдар менен бирге жашайбыз. Буюрса кийинки жылы жазында ак өргөбүзгө той берип калабыз деген жакшы тилегибиз бар», - дейт жубайы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×