Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 22.10.2018 12:21 На русском

Айыл турмушу: 63 жаштагы З.Султаналиева бөбөктөрдү тарбиялап, кол өнөрчүлүк менен киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 63 жаштагы тургуну Замиркүл Султаналиева «Ынтымак» бала бакчасында 44 жылдан бери тарбиячы болуп эмгектенип келет. Ал жумушунан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, балдар менен иштөө абдан кызыктуу жана алардын жанында жүргөндө чарчаганын унутуп коёт.

«Мен Нарын шаарындагы медициналык колледжин 1974-жылы аяктагам. Ушул эле жылы шаарыбыздагы "Ынтымак" бала бакчасына тарбиячы болуп кирип, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келем. 1,5 жаштан 2,5 жашка чейинки балдарды карайм. Алар менен иштөө абдан кызыктуу. Үйүндө болгон окуянын баарын айтып берип, эч нерсени жашырганды билишпейт. Бардыгы "кичинекей бөбөктөр менен иштөө кыйын, аябай чарчайт болушуң керек" деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Тескерисинче балдарды көргөндө бардыгын унутуп, алар менен кошо ойноп кетем. Азыркы тапта менин 10 неберем, 1 чөбөрөм бар. Бала бакчадагы бөбөктөрдү өз неберелеримдей көрөм. Балдар дагы мени "апа" деп жакшы көрүшөт», - деди ал.

Замиркүл Султаналиева: «Бакчада иштегендер ар бирибиз бөлмөлөрүбүздү өзүбүз жасалгалайбыз. Идеялардын көбү оюмдан чыгып, балдарга жагымдуу маанай тартуулап, жомок каармандарын көп жасап, бөлмөнү кооздойм. Ошондой эле бош убактымда буйрутма алып, курак курап, кыздардын себине жууркан-төшөктөрдү жасап, кошумча киреше табам», - деди.

Тарбиячы иштеги жетишкендиги үчүн көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. Ал 2014-жылы КРдин «Ардактуу айым», «Билим берүүнүн отличниги», 2015-жылы Теңир-Тоо айымдар конгрессинин «Ардактуу айым» жана Нарын шаарынын «Ардактуу атуул» наамдарын алган.

З.Султаналиеванын 6 баласы, 10 небереси, 1 чөбөрөсү бар. Жолдошу мындан 1,5 жыл мурун көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×